Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Мамдирекцияга бюджеттен 4 миллиард сом бөлүнгөн


Ош жана Жалал-Абад шаарларынын калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик дирекцияга бюджеттен 4 миллиард 616 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу аталган дирекциянын мурдагы директору Жусупжан Жээнбеков билдирди. Ал эми калган 3 миллиард сомдон ашык каражатты эл аралык уюмдар бөлүп, алар ишке ашырган. Дирекция өкүлдөрү бюджеттен бөлүнгөн каражат мыйзамсыз пайдаланылганы далилденсе, жооп берүүгө даяр экенин билдиришүүдө.

Мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссия өз корутундусунда дирекция өз ишинде бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн белгилөөдө. Ошондой эле андан кийинки өкмөт бул мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн дирекцияны атайылап жоюп жибергени айтылган. Мындан улам депутаттык комиссия аталган дирекциянын ишин Эсеп палатасы кайрадан текшерүүсү жана буга укуктук бааны Башкы прокуратура бериш керектигин билдирген.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG