Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Мамдирекциянын иши кийинки жумада каралат


Жогорку Кеңеш Ош жана Жалал-Абад шаарларынын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын отчетун кароону кийинки аптада улантат. Мындай чечимди парламент депутаттары кабыл алды. Бүгүнкү талкуу жүрүшүндө депутаттык комиссия өз корутундусунда дирекция бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн белгиледи. Ошондой эле андан кийинки өкмөт бул мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн дирекцияны жоюп жибергени айтылган. Мындан улам депутаттык комиссия аталган дирекциянын ишин Эсеп палатасы кайрадан текшерүүсүн жана буга укуктук бааны Башкы прокуратура бериши керектигин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG