Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Ош: Мектептерде сүйүү күнү белгиленбейт


Ош шаардык билим берүү башкармалыгы калаадагы мектептерде 14-февралды сүйүшкөндөр күнү катары белгилөөгө тыюу салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди. Анын айтымында, бул күндү майрам катары белгилөө - окуучулардын тарбиясына терс таасирин тийгизүүдө.

Шаардагы мектептерде бул күнү Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганынын 25 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт.

Кыргызстандагы мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларда 14-февралды сүйшкөндөр күнү катары белгилеп, ар кандай маданий иш-чараларды уюштуруу соңку 15 жылга жакын убакыттан бери күч алган. (SE)

XS
SM
MD
LG