Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Орусияда эки кыргыз жаранынын өлүгү табылды


Орусиянын Ленинград облусунда кыргызстандык эки жарандын өлүгү табылды. 33 жана 28 жаштагы жигиттер өткөн жылдын октябрь айынан бери изделип жаткан болчу. Алардын сөөгү өздөрү жашаган үйдүн жанында тартип коргоо кызматкерлери тарабынан 7-февралда табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Москвадагы кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева билдирди:

- Окуя Волосовский районунда болгон. Такталган маалыматка ылайык, алар күч менен өлтүрүлгөн. Экөө тең кароолчу болуп иштечү экен. 2013-жылдын 27-октябрында жумуштан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголушкан.

Кулукееванын айтымында, маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүү ишин Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы консулдугу жүргүзүп жатат. Өлтүрүлгөн жарандардын аты-жөнү жана дареги азырынча айтыла элек. Иликтөө уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG