Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ат-Башыда нааразылык акциясы өтөт


Нарындын Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынын тургундары сугат суу маселеси көйгөй жаратып жатканы үчүн бүгүн нааразылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл тургундары билдирди. Иш-чара Кызыл-Туунун өзүндө болот.

Алар митинг аркылуу жаз келгенге чейин көйгөйдү чечүү зарылдыгын тийиштүү жетекчиликке эскертмекчи. Жашоочулардын айтымында, соңку үч жылда сугат суунун тартыштыгынан жер майнаптуу колдонулбай калган.

Кызылтуулуктар бул маселени көтөрүп, 30-январда Бишкекте маалымат жыйынын да өткөргөн.

Жергиликтүү бийлик сугат суу маселесин чечүүдө каражат тартыштыгы көйгөй жаратаарын айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG