Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүү болот


Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүүгө арналган өкмөт аралык кезектеги жолугушуу болот.

Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон баштаган өкмөттүк топ чек ара маселесин сүйлөшүү үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Бир айдан бери жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз өкмөтү тажик тарап 14-февралга белгиленген иш сапар тууралуу маалымат бере электигин билдирген. Жолугушуу болоору тууралуу 13-февралда гана анык болду.

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январда болгон эки өлкө чек арачыларынын ортосундагы атышуудан соң жабылган. Андан бери бир канча жолу өкмөт аралык сүйлөшүү болду. (SE)

XS
SM
MD
LG