Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Президент Ооган согушуна катышкандарды куттуктады


Бүгүн Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев ооган согушунун катышуучуларына куттуктоо жолдоду. Анда өлкө башчысы бул согушка катышкан миңдеген кыргызстандыктар учурда да мекен алдындагы милдетин аткарып жатканын эске салган.

Советтик аскерлер Ооган согушуна 1979-жылы тартылып, 1989-жылы 15-февралда чыгарылып кеткен. Бул согушка Кыргызстандан жети миңден ашуун аскер катышкан. Алардын эки жүз элүүсү каза болуп, алты жүздөйү ар кандай жараат менен кайткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG