Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Кызыл-Жардагы оорукана боюнча дагы бир кылмыш иш козголду


Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы Кызыл-Жардагы республикалык психиатриялык ооруканынан дарыгерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган оорукананын жетекчилиги 2013-жылы 22-декабрда качып кеткен бейтап тууралуу маалыматты атайылап жашырып койгон. Ал эми аталган бейтап кийин Бишкек шаарында кылмыш кылганы аныкталган.

Бул ушул аптада Кызыл-Жардагы оорукананын жетекчилигине ачылган кылмыш иш. Өткөн жекшембиде Балыкчыда эки милиция кызматкерин атып качып кеткендердин бири Заур Магомедов аталган ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болгон. Оор кылмышка айыпталган Магомедов бул ооруканага каалагандай келип-кетип жүргөнү айтылууда. Буга байланыштуу психиатриялык оорукананын дарыгерлерине “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталган болчу. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары бул оорукананы Жаза аткаруу кызматынын тутумуна кошуу демилгеси менен чыгышты.

XS
SM
MD
LG