Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Cочи: швейцариялык спортчу алтын медал утту


Сочидеги Олимпиадада швейцариялык Сандро Вилетта тоодон ылдый ылдам түшүү жана слалом боюнча кош мелдеште алтын медалды жеңип алды.

Күмүш медалды хорватиялык Ивица Костелич, коло медалды италиялык Кристоф Иннерхофер утту. 2010-жылы Ванкуверде өткөн кышкы Олимпиаданын чемпиону, америкалык Воде Миллер тоодон ылдый түшүүдө жаңылыштык кетирип, марага алтынчы болуп келди. Ал эми АКШ чемпиону Тед Лигети 12 орунду ээледи. Слаломчулар жарышаар алдында күн 13 градус жылуу болуп, кар эзилип, спортсмендерге кыйынчылык жаратты. Германиянын спортсмендери жети алтын, эки күмүш, бир коло медал жеңип, башка өлкөлөрдөн алдыда баратат.

XS
SM
MD
LG