Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Салман Рушдиге каршы фатвага 25 жыл


Туура 25 жыл мурда 1989-жылы 14-февралда Ирандын ал кездеги руханий көсөмү Аятолла Рухалла Хомейни британ жазуучусу Салман Рушдиге каршы фатва чыгарган.

Фатвада жазуучунун “Шайтандын ыры” деген китеби “Исламга акаарат айтат” деп күнөөлөнүп, авторду өлтүргөн адамга чоң акча сыйлык убада кылынган. Салман Рушдинин өмүрүнө болгон коркунучтан улам Лондон 1989-жылы мартта Тегеран менен дипломаттык мамилесин үзүп, жазуучуну бир нече жыл полиция кайтарып, жашыруун жашаган. Иран 1998-жылы Британия менен мамлесин калыбына келтиргенде фатваны өзгөртө албасын, себеби аны 1989-жылы дүйнө салган Хоменейи гана жокко чыгара алат деп кутулган.

Салман Рушди 1993-жылы алгачкы ирет коомчулукка жашынбай чыккан. Азыр фатва күчүндө болсо да, жазуучу эсен-аман жүрөт.

XS
SM
MD
LG