Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Ооган апаатында курман болгондор эскерилүүдө


Бишкектеги Борбордук мечитте согуштан кайтпай калгандарга багышталып куран окутулду. Ага согушка катышкан ардагерлер, согуштан кайтпай калгандардын жакындары жана бийлик өкүлдөрү катышты. Түштөн кийин борбордогу “Ата-Түрк” сейил багында бул согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өтөт.

Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Тогуз жылга созулган согушта 14 миң советтик жоокер курман болуп, жүз миңдеген ооган согушкерлер, карапайым адамдар жарыкчылык менен кош айтышкан. Бул согушта Кыргызстандан 7 миңден ашуун аскер барган. Анда 300дөн ашуун жоокер курман болуп, 1,5 миңдей адам жаракат алган. (BkA/SA)

XS
SM
MD
LG