Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү:

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 15 - 17-февралда Бишкек-Ош (121-137-км., 198-265-км.), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км., 145-150-км.), Каракол-Эңилчек (45-90-км.), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км.), Нарын-Торугарт (284-295-км.), Казарман-Акталчак (68-70-км), Баетов-Ак-Кыя (63-68-км.), Арал-Миң-Куш (5-36-км.) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот.

Аба ырайы:

Синоптиктердин маалыматы боюнча 16-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерине кар жаайт. Чүй облусунда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10..-15, түндүк жагында -15...-20 күндүзү -2...-7, Таласта түнкүсүн -11...-16, күндүзү -1...-6 градус суук болот. Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0... 5 , Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10 градус суук болуп, күндүзү 0..5 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4...-9, күндүзү -3...2 градус болот. Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүзү -11...-16 градус суук болот.

Эртең Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -11…-13 градус, күндүз -2… 0 градус суук болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG