Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

Түркия: парламент өкмөткө кошумча мандат берди


Түркиянын парламенти бүгүн сотторду жана прокурорлорду дайындоодо өкмөткө кошумча укук берген мыйзамды жактырды.

Алгач өткөн айда сунушталганда оппозиция жана эл аралык коомчулук тарабынан сындалган бул мыйзамды парламент кечээ карап баштаган эле. Мыйзам каралып жатканда өткөн түнү бийлик партиясынан жана оппозициядан шайланган депутаттар мушташып кеткен.

Мушташтан бир депутат жараат алды. Сот системасынын улук мүчөлөрүн дайындаган Соттор жана прокурорлор боюнча Жогорку Кеңешти ким көзөмөлдөйт деген маселе премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган менен АКШда жашаган түркиялык диниятчы Фетуллах Гүленди ич ара кайраштырып келет. Түркиянын элитасында олуттуу колдоого ээ болгон Гүлендин таасири акыркы жылдары Түркиянын полициясында жана сот системасында да өскөн эле. Эрдоган Гүленди өзүн кулатуу далалатында коррупциялык иликтөөлөрдү шыкактап жатат деп күнөөлөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG