Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Ошто авариялык конууга аргасыз болгон учак мурда да кырсыктаган


"Урал аба жолдорунун" учагы.

"Урал аба жолдорунун" учагы.

Бүгүн таңга маал "Урал аба жолдорунун" Аэробус–320-214 учагы Оштон абага көтөрүлүп жатканда куйругу менен учуп-конуу тилкесине тийип кеткен. Екатеринбургдун "Кольцово" эл аралык аба майданына сапар алган самолёт авариялык конууга мажбур болгон. Аталган авиаишкананын №2904 каттамын аткарган учак мурда дагы техникалык мүчүлүштүктөргө дуушар болгон.

Учуулардын коопсуздугу боюнча агенттиктин маалыматына ылайык, бул учак 2005-жылдын 15-январында Лондондун "Гатвик" эл аралык аэропортунда от алып жатканда алдыңкы дөңгөлөгү сынып кеткен. Учурда "Урал аба жолдоруна" таандык VPBFZ номерлүү самолёт 1997-жылы чыккан жана орус авиакомпаниясына 2003-жылы кошулганга чейин алты авиаишканада кызмат өтөгөн.

Ишемби күнкү аргасыз конуу маалында учактагы 128 жүргүнчү жана борттун экипажы жабыр таркан жок. Учурда Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинин жана "Урал аба жолдорунун" кызматкерлери окуянын себептерин иликтеп жатышат. Ош аэропортунан "Азаттыкка" окуяга учактагы техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгонун билдиришти. Аэропорттун өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, бул каттамдагы учак алмаштырылып, жүргүнчүлөр Екатеринбургга сапар алышты. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG