Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Ооганстан: президенттикке талапкерлер түз эфирге чыгышты


Пландагы эки президенттик дебаттын алгачкысында талапкерлер коррупция менен күрөшүп, талиптер менен сүйлөшүү ниеттерин билдиришти. Дебатта бүгүн мурдагы коргонуу министри Абдул Рахим Вардак президент болуп шайланса, коррупция менен күрөшөрүн бышыктады. Мурдагы губернатор Гүл ага Шерзай да ушундай ниетин билдирди.

Экс-депутат Дауд Султанзой коопсуздукту бекемдөө үчүн талиптер менен сүйлөшүү керектигин айтса, ага кошулуп исламчыл талапкер Кутбуддин Хилал тынчтык жараянына бейтарап кеңеш түзүү зарыл болорун сөз кылды. Хилал аялдардын эркиндиги шарият менен чектелиши керек деген ишенимин билдирди.

Бардык талапкерлер коррупциядан тышкары экономиканы көтөрүү максатын айтышты. Дебаттар эртең уланып, калган талапкерлер сөз алышмакчы.

XS
SM
MD
LG