Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Черногорияда полиция демонстранттар менен кагылышты


Мурда Югославиянын курамына кирген Черногориянын баш калаасы Подгорицада полиция таш ыргыткан жүздөгөн демонстрантка ачуу газ, кулак тундуруучу граната колдонду. Демонстранттар премьер-министр Мило Дюкановичтин кызматтан кетишин талап кылышты. Алар өкмөттү ашынган коррупциянын сазына батты, жумушсуздукту азайтып, экономиканы жөндөй албады деп айыпташты. Бир нече полициячы, демонстрант жараат алды. Кеминде 10 киши камакка алынды. Мындан бир нече күн мурда коңшулаш Боснияда демонстранттар Сараеводо мамлекеттик имараттарды өрттөшкөн эле.

XS
SM
MD
LG