Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Аба ырайы


17-февралда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8..-13, күндүзү +3...+8

Таласта түнкүсүн -10...-15, күндүзү 2... 7 градус жылуу болот

Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз +3...+8

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүзү +4..+9

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5...-10, күндүзү -2...+3 градус болот

Нарын облусунда түнкүсүн -21...-26, күндүзү -6...-11 градус болот

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -8…-10 градус, күндүз -1…-3 градус суук болот.

Шашылыш эскертүү: 13-февралдан 18-февралга жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымдарында, Нарын облусундагы Нарын-Торугарт унаа жолунун 284-295-чакырымдарында, Казарман - Акталчак жолунун 68-70-чакырымдарында, Баетов - Ак-Кыя жолунун 63-68-чакырымдарында, Арал - Миң-Куш унаа жолунун 5-36-чакырымдарында кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG