Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Мырзаке - Кара-Кулжа – Алайкуу жолу түнү жабык болууда


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде Мырзаке - Кара-Кулжа – Алайкуу автожолу кечки саат алтыдан таңкы саат сегизге чейин унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Министрлик ошондой эле ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы – премьер-министрдин 15-январындагы буйругунун аткаруу мөөнөтүн 18-февралга чейин узартты.

Жол жабылуусу Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл аймагында да катталды. Анда 22 чакырымдык Ийри-Суу - Орказган жолу бороондун кесепетинен кар күрткүсү толуп жабылган. Учурда тазалоо иштери улантылууда. (SA)

XS
SM
MD
LG