Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Трелевский кырсыктаган трассада дагы кырсыктар болду


Кыргызстандык Трелевский бутун сындырган трассада дагы эки спортчуну дарыгерлер алып кетишти. Лыжачы Дмитрий Трелевский бутун сындырып алган Роза Хутор лыжа трассасынан бүгүн эки сноубордчу кыз жыгылып, ооруканага жаткырылды.

Ишембиде Роза Хутордо орусиялык лыжачы Мария Комиссарова жыгылып, омурткасынан оор жаракат алган эле. Ага алты сааттык операция жасалды.

Эл аралык Олимпия комитетинин маалымат катчысы Марк Адамс Роза Хутор спорт федерацияларынын жактыруусунан өткөндүгүн бышыктады:

- 2010-жылы Ванкуверде өткөн кышкы оюндарга салыштырмалуу, кырсык, жарааттар боюнча өзгөчө деле эчтеме байкалган жок. Биз жүргүзгөн байкоолор боюнча, мурдагы оюндардан айырмалуу эч нерсени байкаган жокпуз, - деди маалымат катчы.

XS
SM
MD
LG