Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Ооган президенттигине талапкерлер теле эрөөлгө чыгууда


Беш талапкер аялдардын укуктарынан тартып, талиптер менен сүйлөшүүгө чейинки темаларда арай көз чарай баарлашты.

Мурдагы каржы министри Ашраф Гани теледебаттардын бүгүнкү экинчи күнүндө сөз алып сүйлөдү:

- Согушка катышкандар кайрылып, кайра туурун табышы керек. Ансыз бекем тынчтык орното албайбыз. Биздин кабинеттин максаты улуттук биримдикти кепилдөө, себеби жаштар да, аялдар да, айтор калың эл толук кошулмайынча, биз өлкөдөгү көйгөйлөрдү жөнгөрө албайбыз.

Жекшембилик дебатта Ганиден тышкары, мурдагы президенттин улук кеңешчиси Хедаят Амин Арсала, экс-президенттин небереси ханзаада Мухаммад Надер Наим да болду.

Азыркы президент Карзайдын бир тууганы Каюм Карзай жана мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла өндүү таанымал талапкерлердин бир катары дебатка келген жок. Дебаттарды Ооганстандын мамлекеттик РТА радио-теле компаниясы "Азаттыктын" ооган кызматы менен чогуу сүрөөнгө алууда. 5-апрелге белгиленген президенттик шайлоого 11 киши талапкерлигин койгон.
XS
SM
MD
LG