Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Жалал-Абадда соодагерлер митингге чыкты


Жалал-Абаддын Чехов көчөсүндө жол боюнда соода кылган 30 чакты жаран мэриянын жанында митинг өткөрүүдө. Алар көчөдөгү соода күркөлөрүн алып салуу боюнча шаар башчы чыгарган буйрукка нааразы болуп жатышат.

Митингге чыккандар менен мэрдин орун басары Таирбек Чойбеков чыгып сүйлөшүп, аларга “Юг-Сити” деп аталган соода комплексинен орун берилерин айтты. Бирок нааразы тарап ага көнгөн жок.

Январь айында шаардык бийлик көчөлөрдү иретке келтирүү максатында жол боюндагы соода күркөлөрүн жылдыруу тууралуу буйрук чыгарган. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG