Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Акыйкатчы Улуттук госпиталдагы окуяны териштирүүнү суранды


Омбудсмен Бакыт Аманбаев башкы прокурор Аида Саляновадан Бишкектеги Улуттук госпиталда кайтыш болгон Алтынай Арстанбек кызына байланыштуу ишти дыкат териштирүүнү суранды. Бул тууралуу Акыйкатчы инстититунун басма сөз кызматы билдирди.

Алтынай Арстанбек кызы Улуттук госпиталдын 3-неврология бөлүмүндө дарыланып жатып, көз жумган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаалыкылыгы себеп болгонун айтып жатышат. Доктурлардын айтымында, Алтынай асма үкөл алып жаткан учурда апасы берген тамак тамагына тыгылып, абалы начарлаган.

Маркум Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашевдин тууганы экени кабарланган. Ал Алтынайдын абалы начарлагандан соң неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаев менен жаңжалдашканы буга чейин кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG