Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Эфиопиялык пилот учакты Женевага коркутуп кондурду


“Эфиопия аба жолдору” компаниясынын учагы Женевага мажбур кондурулду. Швейцария бийликтери Римден Аддис-Абебага учуп бараткан учакты бүгүн 17-февралда таң эртең Женевага коркутуп кондурган пилот камакка алынганын, ал Эфиопияда куугунтукталам деп коркуп, өлкөдөн баш паанек сураганын билдирди.

“Эфиопия аба жолдорунун” маалымдашынча, 702-рейсти аткарчу учактын бардык жүргүнчүлөрү жана экипажы аман-эсен, эч ким жабыркаган эмес. Пассажирдик учакты күчтөп кондурууга байланыштуу жабылган Женева аэропорту кайра ачылып, ырааты менен иштөөдө.

XS
SM
MD
LG