Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Тажикстанда түрмө башчысын чачтарач “кайчылап” өлтүрдү


16-февралда өлкө түштүгүндөгү Куляб шаарындагы абакта отурган чачтарач түрмө башчыны кайчылап өлтүрүп койду. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, 66 жаштагы Умар Кайымов чачтарачты кеңсесине келип, чачын алып берүүгө чакырган.

Умед Тешаев түрмө башчынын чачын алып жатып, башына жана денесине 16 жолу кайчы урган. Түрмө башчы алган жараатынан ооруканага жетпей каза тапкан. 29 жаштагы чачтарач былтыр бирөөнү бычактап өлтүргөнү үчүн 17, 5 жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Куляб шаардык түрмөсүндө өткөрүп жаткан.

XS
SM
MD
LG