Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Туман Кышкы Олимпиадага тоскоолдук кылууда


Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндарында калың тумандан улам биатлонисттердин 15 чакырымга жарышы эртеңге калды. Биатлонисттер 16-февралда жарышмак, бирок аба ырайына байланыштуу мелдеш дүйшөмбүгө которулган болчу. Бүгүн сноубордчулардын мелдеши да болбой калды. Ага карабай, бүгүн спорттун беш түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталат.

Азырынча командалык эсепте, Германия 7 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль утуп, биринчи орунда баратат. Экинчи орундагы нидерландиялыктарда 5 алтын, 6 күмүш, 7 коло медалы бар. Үчүнчү орундагы норвегиялык спортсмендер 5 алтын, 3 күмүш, 6 коло медаль, а швециялыктар 5 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утушту.

XS
SM
MD
LG