Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Черкес кыймылынын лидери камакка алынды


Краснодар крайындагы черкестердин "Адыгэ Хасэ" коомдук уюмунун башчысы Аскер Сохт камакка алынды. Бул кыймыл Олимпиада өтүп жаткан жерлерди эзелтен черкестер байырлашканын, ошон үчүн Олимпиаданын ачылыш салтанатында жана Олимпиада кыштагында тургузулган курулуштарлда черкестер сөзсүз эскерилсин деген талап менен чыгып жаткан.

"Адыгэ Хасэ" уюмунун бүгүн билдиришинче, Аскер Сохт 14-февралда Майкоп шаарынын жанында түшүнүксүз жагдайда камакка алынган. Черкес активисти Арандин Котайдын айтымында, байистүү көз караштагы Сохт жергиликтүү жетекчилер менен жакшы ымалада болгондуктан, анын камакка алынышы кыймыл мүчөлөрү үчүн күтпөгөн окуя болду.

Черкес активисттеринин сөзүнө караганда, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган черкестер 19-кылымда ата-бабалары Сочинин ныптасында кызыл кыргынга алынганына нааразылык ирети Олимпиаданын өткөрүлүшүнө нааразылык билдиришкен.

XS
SM
MD
LG