Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Земан Каримовдун визитинин баасын айтты


Чехиянын президенти Милош Земан Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун Прагага болчу визитинин жаңы датасы белгиленишин каалайт. Милош Земан 16-февралда Чех радиосунан сүйлөп, өз мөөнөтүндө болбой калган визит кезинде 750 миллион долларлык келишимге кол коюлмак экенин өкүнө айтты:

- Башка жактан алганда, мен Өзбекстанда адам укуктары бузулганына каршымын. Мен учурду пайдаланып, өзбек президенти келген кезде бул жөнүндө анын өзүнө айтам. Каримовдун визити болбой калганына кол чапкан адамдар мага чөмөлөгө от коюп, жалыны кооз экен деп суктанган баланы элестетет. Бирок адам укугу жөнүндөгү көз карашыбыздан улам 15 миллиард чех кронун жоготтук. Кол коюлбай калган келишимдердин, кол коюлбаган жети келишимдин баасы 15 миллиард крон турат. Бул баа мен үчүн өтө кымбат.

15 миллиард крон 750 миллион АКШ долларына тете. Өткөн аптада чех бийликтери Каримовдун 20-февралга мерчемделген визити кийинге калганын билдирген. Каримовдун 25 жылдык башкаруусу полициянын адамдарды уруп-сабоолор, саясый оппоненттерди абакка салуу жана мектеп окуучуларын мажбурлап пахта тердиргени кеңири жайылганын айтып, Чехиянын профсоюздук уюмдары, ишкерлери жана укук коргоочулары өзбек лидеринин ырасмий сапарга келишине каршылык билдирип, Милош Земанга кат жолдогон.

XS
SM
MD
LG