Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Иран Пакистанга аскер жөнөтөм деп коркутту


Пакистан тарапка уурдалып кеткен ирандык үч чек арачыны бошотуу үчүн Исламабад тийиштүү чара көрбөсө, Иран Пакистанга аскер жөнөтөт. Мындай эскертүүнү Ирандын ички иштер министри Абдулреза Рахмани Фазли 17-февралда жасаганын маалымат булактары кабарлады.

Өткөн жумада сунни белуждардын анча белгилүү эмес “Жайш-ул Адл” согушчул тобу Фейсбукта Ирандын түштүгүндөгү Систан-Белужистан провинциясынан уурдалган үч жоокердин сүрөтүн жарыялаган. Ирандын тышкы иштер министрлиги Пакистандын Тегерандагы толук ыйгарымдуу элчисин чакырып, Исламабад “Пакистанга качып кеткен террордук топтун жетекчилерине жана мүчөлөрүнө каршы чечкиндүү чара көрүүсүн” талап кылган.

“Жайш-ул Адл” былтыр ноябрда Иранда жергиликтүү прокурорго кол салган, октябрда чек арачыларга буктурма коюп, 14 аскерди жок кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG