Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Түштүк Кореядагы кырсыкта 7 студент курман болду


Түштүк Кореянын курорттуу Кенджу шаарында имараттын төбөсү түшүп кетип, кеминде 7 студент набыт кетти. 73 студент жараат алды, алардын 15нин абалы оор. Кырсык университеттин биринчи курсунун студенттери окууга киргенин майрамдап жаткан кезде болду. Жергиликтүү медиабулактардын билдиришинче, чатыр калың жааган кардан улам кулап түшкөн. Көпчүлүк студенттер залдан өздөрү качып чыкса, башкаларын куткаруучулар сыртка алып чыкты. Студенттер курорттуу шаарга түштүктөгү Бусан шаарындагы чет тилдер колледжинен келишкени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG