Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Гүлнара Каримованын өнөктөштөрү сурак берди


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы президент Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын үч жакын бизнес өнөктөшү суракка алынганын 17-февралда интернет сайтында маалымдады. Анда Рустам Мадумаров, Гаяне Авакян жана Екатерина Клюева ООО “Terra Group”, OOO “Prime Media”, OOO “Gamma Promotion” жана башка фирмалардагы финансылык тартип бузуулар, салыктан кирешени жашыруу жана башка мыйзамсыздыктарга байланыштуу Башкы прокуратурага чакырылып, суракка алынганы айтылат. Тажикстандын “Дадо” группасынын солисти Рустам Мадумаров медиа каражаттарында маалымдалгандай, Гүлнара Каримова менен ысык ымалада болгондуктан, Өзбекстандын жарандыгын алган.
Гаяне Авакян скандинавиялык TeliaSonera компаниясынын тегерегиндеги Гүлнара Каримова катышкан коррупциялык жаңжалга тиешеси бар инсан катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG