Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Адил Тойгонбаев кайрадан бошотулду


Бул тууралуу “Интрефакс” маалымат агенттигине анын адвокаты Николай Полозков билдирген. Адвокаттын айтымында, Тойгонбаевдин экинчи жолу ишемби күнү кармалышына анын ысмы Интерполдун тизмесинде турушу себеп болгон. Тойгонбаев биринчи жолу Шереметьево аба майданында кармалганда ага байланыштуу документтерди жиберүү Кыргызстанга сунушталган. Бирок Бишкектен эч нерсе келген эмес, дейт Полозков. Тойгонбаевдин Кыргызстандагы адвокаты Икраимидин Айткуловдун айтымында, Тойгонбаевге байланыштуу 2005-жылкы документтер гана бар. Анын үстүнө Тойгонбаев Казакстан жараны. Ошондуктан ал Кыргызстанга берилбейт. Маселени чечүү үчүн кыргыз өкмөтү ал документтерди Казакстанга жөнөтүп, Тойгонбаевдин ошол жакта жазаланышын талап кылыш керек. (AiT)

XS
SM
MD
LG