Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Иран жана алты ири мамлекеттин сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги бөлүгү бүгүн Венада башталат. Тараптар өткөн жылы 24-ноябрда убактылуу келишимге жетишкен. Ага ылайык Иран өзөктүк программасын кыскартууга барса, батыш санкцияларын жумшартты.

Ирандын руханий лидери Али Хаменейи сүйлөшүүлөргө көп эле үмүт арта берүү туура эместигин дүйшөмбү күнү билдирди. Иран тараптан сүйлөшүүгө тышкы иштер министри Мухамад Жавад Зариф катышат. Экинчи тараптан АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Германия, Франция өкүлдөрү болот. Ал эми Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон ага байкоо салып турат. (AiT)

XS
SM
MD
LG