Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Евразия экономикалык шериктештиги Кыргызстанга 100 млн. доллар бөлдү


Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 17-февралдагы маалымдоосуна караганда, Евразия экономикалык шериктештигинин антикризисттик фонду Кыргызстанга 20 жылдык мөөнөт менен 100 млн. доллар насыя бөлдү. Кыргызстан бул акчаны Бишкек – Кара-Балта жана Маданият - Жалал-Абад жолун курууга жумшайт. 100 млн. доллардын 65 млн. доллары насыя, 35 млн. доллары грант. Келишимди комитет жактырды. Эми парламентте ратификациялангандан кийин ал күчүнө кирет. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG