Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Украина оппозиция лидерлери Ангела Меркел менен жолугушту


Германиянын канцлери Меркел дүйшөмбү күнү Берлинде Украинанын оппозиция лидерлери Виталий Кличко жана Арсений Яценюк менен жолугушту. Анда кризистен чыгуу маселеси талкууланды. Кличконун жолугушуудан кийин билдирүүсүнө караганда, ал канцлерди президент Януковичке жана анын жан-жөкөрлөрүнө санкция салууга чакырган. Яценюк өз кезегинде Украинада жаңы өкмөт түзүү жана ага батыштан колдоо маселесин көтөргөн:

из өлкөбүздө коррупциядан таза, демократиялык жана Европага багыт алган өкмөт түзүүнү каалайбыз. Ишенимге кирген бул өкмөт финансылык абалды турукташтыруу үчүн Европа жана Батыш өнөктөштөр тарабынан колдоого алыныш керек.

Яценюктун айтымында, Европа Биримдиги Эл аралык валюта кору жана Европа институттары аркылуу жардамын кеңейтүүгө даяр. Меркель тарабынан жолугушуудан кийин пикир айтылган жок. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG