Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Кара-Балтадагы мунай заводунун иши убактылуу токтотулду


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кара-Балтадагы “Жунда” компаниясынын ишин убактылуу токтотуу боюнча чечим чыгарды. Ишкананын айланасындагы талаштар такталмайынча завод иштебейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кытайлык компаниянын айланасындагы талаш маселелерди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашов башында турган өкмөттүк комиссия иликтейт.

"Чайна Петроль Компани” тарабынан курулган аталган мунай заводу өткөн жылдын сентябрында ачылган. Ишканадан мамлекетке 5 миллиард сомго чейин салык түшүп, жүздөгөн адамдар иш менен камсыз болоору белгиленген.

Бирок жергиликтүү тургундар "экологияга зыян келтирет",- деген жүйөө менен заводдун иштешине каршылык билдирип келишет. Нааразылык акциялары 17-февраль күнү да болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG