Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Таласта бир тургундун үйүн суу каптады


Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылынын тургуну үйүн суу каптап жаткандыгын айтып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылды. Аталган министрликтен кабарлашкандай, 17-февраль күнү айылды аралап өткөн Саза каналына суу тоңуп, андан ашкан суу Кожокеев аттуу жашоочунун короосун жана турак үйүн каптап кеткен.

Түнү менен тазалоо иштери жүрүп, бирок сууну сордурууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Короону каптаган суу ылай аралаш болгондуктан, тазалоо иштерине кыйынчылык жаратууда.

Каналдан ашып, короого агып кирген суу 10 сантиметрге чейин көтөрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG