Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

Өкмөт соттук өкүлчүлүк боюнча борбор түздү


Кыргыз өкмөтүнүн таламын эл аралык жана жергиликтүү соттордо натыйжалуу коргоо максатында өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борбору түзүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Өкмөттүн атайын токтому менен 12-февралда түзүлгөн борбор соттук жараяндарга катышууга укуктуу.

Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов билдиргендей, борбор эл аралык арбитраждык органдар тарабынан кыргыз өкмөтүнө каршы каралып жаткан 9 иш боюнча иликтөө жүргүзөт. Аталган сот иштериндеги доонун жалпы суммасы 48 миллиард сомго барабар.

Борборго жакынкы аралыкта жетекчи дайындалат. (BkA\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG