Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Психиатриялык ооруканада жабыркагандардын алтоо - милиция кызматкери


Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада 17-февралда милиция тарабынан өткөрүлгөн атайын операцияда укук коргоо органынын алты кызматкери жабыркады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди. Алардын баарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Андан сырткары, аталган ооруканада иштеген үч медицина кызматкери да дарыгерге кайрылган. Биринин баш мээси чайкалган, экөө денесинен жараат алган. Алардын бирине алгачкы жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө Таш-Көмүр аймактык ооруканасында дарыланып жатат.

Учурда психиатриялык ооруканада абал тынч.

Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында милиция кызматкерлери жүргүзгөн атайын операция учурунда кайтарылган бөлмөлөрдүн биринен маңзат табылган. Милицияга каршылык көрсөтүлүп, асманга ок да атылган.

Аталган ооруканада жаткан Заур Магомедов белгисиз жагдайларда сыртка чыгып, 9-февралда Балыкчыда эки милиция кызматкерин атууга катышкан. 11-февралда Токтогул районунда атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG