Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Бангокто кагылышта эки жаран жана 1 полициячы өлдү


Таиланддын байтакты Бангокто полиция менен антиөкмөтчүл нааразылыкка чыккандар кагылышып, кеминде үч адам, анын ичинде бир полициячы өлдү. 60ка жакын адам жараат алды. Кагылышуу полиция бүгүн баш калаанын көчөлөрүн протестчилерден күч менен тазалап жатканда болду. Энергетика министрлигининин жанын тазалоо учурунда жүз чакты адам камакка алынганын полиция кабарлады. Таиланд телеканалы өкмөт имаратынын жанындагы кагылышта көздөн жаш агызчу газдан пайда болгон туманды жана желим калкандарга жашынып, демонстранттар менен мушташып жаткан полициячыларды көрсөттү.

Премьер-министр Йинглак Чинаваттын бийлигине каршы нааразылык ноябрдан бери уланууда. Көпчүлүк эл Йинглак айымды 2006-жылы аскерий төңкөрүштүн натыйжасында премьер-министрликтен кулатылган агасы Таксин Чинаваттын айтканынан чыкпаган "жетеленме" деп эсептешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG