Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Пакистанда аял-эркекти таш бараңга алган алты адам кармалды


Пакистандын түштүк батышында никесиз жыныстык катнашка барды деп шектелген аял-эркекти таш бараңга алып өлтүргөн алты эркек киши камакка алынды.

Таш бараңдан өлгөн 20-30 жаштагы аял менен эркектин экөөнүн тең үй-бүлөсү болгон. Жергиликтүү бийликтердин маалымдашынча, окуя 16-февралда, Белужистан провинциясынын Лоралай районундагы четки кыштакта болгон. Кармалгандардын арасында аялдын атасы жана бир тууганы, эркектин таякеси жана атасы, ошондой эле аларды өлтүрүүнү буйруган молдо жанан анын жакыны бар. Пакистанда жыл сайын үй-бүлөнүн ар-намысына сөз тийгизди деп жүздөгөн адамдар өлтүрүлөт. Бирок, таш бараң кылып өлтүрүү сейрек көрүнүш.

XS
SM
MD
LG