Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Киевде кырдаал кайрадан курчуду


Киевде антиөкмөтчүл протестчилер президент Виктор Янукович башындагы башкаруучу партиянын баш кеңсесин басып алышты. Алар Региондор партиясынын, кыскача РПнын башкеңсесин ээлеп алгандан мурда терезелерди сындырып, анын ичине күйүү май куюлган шишелерди ыргытышты. Протестчилер парламентти тегерете күзөткөн полициянын катарын бузуп өткөндөн кийин аларды токтотуу үчүн кулак тундурчу жана түтүн чыгарчу гранаталар колдонулду.

Жогорку Раданын алдына топтолгон миңдеген адамдар президенттин бийлик укугун чектеген реформа үчүн добуш берүүнү депутаттардан талап кылышты. Оппозиция алардын реформа жөнүндөгү талабы күн тартибине киргизилбегенден кийин трибунаны курчап алышты. Оппозиция лидери Виталий Кличко бүгүнкү кагылыштан соң Януковичтен полициянын атайын күчтөрүн көчөдөн алып кетүүгө чакырды жана оппозиция жаңы өкмөттү түзүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле Януковичти президенттиктен кетүүгө, кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG