Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Казак банктары аманатчыларын "сооротконго" аракет кылууда


Бүгүн Казакстандын үч чоң банкы өз аманатчыларын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. "Каспий", "Альянс" жана ЦентрКредит банкы билдирүүнү жүздөгөн адамдар алардын Алматыдагы жана Астанадагы бөлүмдөрүнөн аманат сактаган акчаларын чыгарып кете баштагандан улам жасашты.

Дүрбөлөң социалдык түйүндөрдө береги үч банк кудуретсиз деп жарыяланат экен деген SMS кат пайда болгондон соң башталган. "Каспий" банкы мындай ушакты жайылткан адам жөнүндөгү маалымат үчүн 500 миң доллар сыйлык жарыялады. Өткөн жуманын башында Казакстандын борбордук банкы улуттук акча теңгени 19% арзандаткан. Теңгени девальвациялоо Алматы шаарында коомдук нааразылыкты жаратып, Борбордук банктын алдына чогулган эл банк төрагасын кызматтан кетүүгө чакырган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG