Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Киевде полиция менен кагылышта үч киши набыт болду


Бүгүн Киевде полиция күчтөрү менен демонстранттар кагылышып, үч адам өлдү. Жарадарлардын саны 100дөн ашты. Алардын ичинен жети адамдын абалы оор. Бул жөнүндө оппозициячыл медиктер менен парламентарийлер билдирди. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек. Нааразылыкка чыккандар парламентти тегерете күзөткөн полициянын катарын бузуп өткөндө, аларга каршы желим октор, кулак тундурчу жана түтүн чыгарчу гранаталар колдонулду. Мурдараак тирешүүдө 7 митингчи жана 10 полициячы жарадар болгону маалымдалды. Демонстранттар бүгүн президент Виктор Януковичтин "Региондор" партиясынын баш кеңсесин ээлешти. Ага чейин терезелерди сындырып, ичине күйүү май куюлган шишелерди ыргытышты. Жогорку Раданын алдына топтолгон миңдеген адамдар президенттин бийлик укугун чектеген реформа үчүн добуш берүүнү депутаттардан талап кылышты. Оппозиция алардын реформа жөнүндөгү талабы күн тартибине киргизилбегенден кийин трибунаны курчап алышты.
Оппозиция Януковичти кызматтан кетүүгө, кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүүгө үндөп, жаңы өкмөттү түзгөнгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG