Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Украин жетекчилиги оппозицияга 2 саат убакыт берди


Украинанын Ички иштер министрлиги жана Коопсуздук кызматы оппозиция лидерлерине нааразыларды тынчытууга эки саат убакыт берди же Бишкек убактысы боюнча саат онго чейин алар тынчытылышы керек. Эгерде бул мөөнөттө тополоң тынчытылбаса, бийлик мыйзамда каралган чараларды колдонуп, тартип орнотууга мажбур деп айтылат билдирүүдө.

Полиция күчтөрү антиөкмөтчүл протестчилерди ортолуктагы Төбөлсүздүк майданын көздөй сүрүп жатканы маалымдалды. Киевде полиция күчтөрү менен антиөкмөтчүл протестчилер арасындагы кагылышта үч адам өлдү.

Жарадарлардын саны ондоп саналат. Алардын кээ бирлеринин абалы оор. Бул жөнүндө оппозициячыл медиктер менен парламентарийлер билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек. Башкаруучу Региондор партиясынын баш кеңсесинен бир адамдын өлүгү табылганын Чукул кырдаалдар кызматынын расмий адамы билдирди. Протестчилер бүгүн президент Виктор Янукович башындагы башкаруучу партиянын баш кеңсесин кыска мөөнөткө басып алышкан болчу.

XS
SM
MD
LG