Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:14

АКШ Януковичти кырдаалды жөндөөгө чакырды


Вашингтондогу Ак үйдүн өкүлү Жей Карни 18-февралда журналисттерге президент Обаманын атынан жасаган билдирүүдө “Кризисти күч менен чечүүгө болбойт. Тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн президент Януковичти кырдаалды курчутпай, Майдандагы кармашты токтотууга чакырабыз. Биз ошондой эле өлкөнүн алдыга өнүгүүсү үчүн президентти оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүгө барып, тил табышууга чакырабыз” – деп айтты.

18-февралда Киевде демонстранттар менен полициянын кагылыштарынан алты полиция кызматкери, 10го чукул жөнөкөй адамдар каза тапканы кабарланды. Бийликтин маалыматы боюнча 100дөй полициячы, анын ичинде 40ка чукулу октон жарадар болду. Оппозиция болсо 150дөн ашуун карапайым адамдар жарадар болгонун маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG