Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Украинада кагылышуулардан өлгөндөрдүн саны өсүүдө


Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын шейшембидеги кагылышуусунда 18 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болду. Каза болгондордун жетөөсү полиция кызматкери экени кабарланды. Полиция желим ок, көздөн жаш агызуучу каражаттарды, сууну колдонуп, борбордук аянтты тазалоого баратат. Оппозиция лидери Виталий Кличко эгемендүүлүк аянтындагы лагерди сактап калууга чакырды. Оппозиция лидерлери менен президент Виктор Януковичтин сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаганы кабарланды. Кошмо Штаттар эки тарапты сүйлөшүү менен чатакты чечүүгө чакырды. Вашингтондогу Ак үйдүн өкүлү Жей Карни президент Обаманын атынан билдирүү жасады:

- “Кризисти күч менен чечүүгө болбойт. Тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн президент Януковичти кырдаалды курчутпай, Майдандагы кармашты токтотууга чакырабыз. Биз ошондой эле өлкөнүн алдыга өнүгүүсү үчүн президентти оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүгө барып, тил табышууга чакырабыз”.

Украинада кырдаал президент Виктор Янукович Европа Биримдиги менен байланышты бекемдөө боюнча келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин өткөн жылы ноябрь айында курчуп кеткен. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG