Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Санкт-Петербургда дагы бир кыргыз жараны өлтүрүлдү


Орусиянын Санкт-Петербург шаарына караштуу Москва районунда кыргызстандык айымдын сөөгү табылды. Ал Оштун Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылынын тургуну экени аныкталды. Маркумдун денеси 16-февраль күнү табылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Анын өлүмүнө шектүү катары Өзбекстандын бир жараны кармалды. Иликтөө иштери уланууда.

Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жиберүү боюнча аракеттер жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG