Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:53

Укук коргоочулар Украина боюнча БУУга кайрылышты


Кыргызстандык укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмун Украинада бийлик менен оппозицияны ымалага келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырышты. Мындай кайрылууну укук коргоочулар тобу бүгүн БУУнун Бишкек үйүнө тапшырышты.

Бүгүн түшкө чейин Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова, Динара Ошурахунова, Назгүл Турдубекова баштаган укук коргоочулар Бишкектеги Украина элчилигинин алдында акция уюштурушуп, Украина бийлигин демонстранттарга каршы катаал аракеттерди токтотууга чакырышты. Акцияга чыккандар ошондой эле курчуп бараткан Киевдеги кырдаал үчүн бийликти күнөөлөп, аны жөнгө салуу сунуштарын элчиликке тапшырышты.

Украина Саламаттык сактоо министрлиги каршылыктарда 25 киши мерт болуп, жүздөн ашык киши жарат алгандыгын кабарлоодо. Киевдеги толкундоолор 18-февралдан тарта кайрадан курчуган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG