Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Депутаттык комиссия менен фракция башчылары жыйын курууда


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын мүчөлөрү менен фракция башчылары ушул тушта жабык жыйын өткөрүп жатат. Алар эмнени талкуулап жатканы азырынча белгисиз.

Жыйындар залында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда Мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүн талкуулоо уланууда.

Парламент бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Аталган корутундуда дирекция бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнү белгиленген. Сатыбалдиев бул боюнча кайра текшерүү жүргүзүлүшүнө каршы эместигин билдирди.

Июнь калабасынан соң түзүлгөн Мамлекеттик дирекцияны ошол кезде Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG