Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Евробиримдик Украинага санкция киргизиши мүмкүн


Европа лидерлери полиция менен демонстранттардын ортосунда кандуу кагылыш орун алган Украинага санкция киргизилиши мүмкүн экендигин эскертишүүдө. Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Баррозо бүгүн Украинадагы кан төгүүлөр жана ашыкча күч колдонуу үчүн жоопкер тараптарга карата чукул арада конкреттүү чара көрүлүшү мүмкүн деди. Польшанын премьер-министри Доналд Туск парламентте бул маселени европалык мамлекет башчылары менен кеңешээрин билдирди. Германия менен Франциянын тышкы иште министрлери да ушул мазмунда билдирүү жасады. Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт кан төгүү үчүн президент Януковичти күнөөлөдү. Ал арада Орусиянын тышкы иштер министрлиги украин оппозициясынан «кан төгүүнү» дароо токтотуп, сүйлөшүүлөргө кайтууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG